Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13
 Берлин. 14-декабрь, 2025-жыл
Берлин. 14-декабрь, 2025-жыл

Берлинде Зеленский менен АКШ өкүлдөрү тынчтык планын талкуулады

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:04

Евробиримдиктин лидерлери 18-декабрда Украинага кийинки эки жыл ичинде ири көлөмдөгү насыя берүү маселесин макулдашуу үчүн чогулуп жатышат.

Лидерлер ошондой эле миграция, шаркеттин кеңейүү саясаты, соода жана экономика маселелерин талкуулашат.

Эл аралык валюта фондунун эсебинде согуштан катуу жабыркаган Украинага жалпысынан 137 миллиард евро (160 миллиард доллар) зарыл. Мындан улам бул каражатты кайдан табуу керек деген маселе күн тартибинде турат.

"Бул өтө курч маселе. Баарыбыз сезип турабыз, баарыбыз көрүп турабыз", — деди Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен саммиттин алдында Евробиримдиктин мыйзам чыгаруучуларына кайрылып жатып.

Брюсселдеги жыйынга төрагалык кылган Еврокеңештин президенти Антониу Кушта лидерлер макулдашууга жеткенче, керек болсо бир нече күнгө созулса да, сүйлөшүүлөрдү уланта берүүгө убада кылды.

Бир катар лидерлер Европада камакка алынган орусиялык активдердин ондогон миллиард евросун Украинанын экономикалык жана аскердик муктаждыктарына пайдаланууну сунуштап жатышат. Мындай чечим буга чейин эч качан кабыл алынган эмес жана анын олуттуу тобокелчиликтери бар.

Европа Борбордук банкы эгер европалыктар башка өлкөлөрдүн каражаттарын тартып алууга даяр деген таасир калтырса, бул еврого болгон ишенимди солгундатарын эскерткен. Айрым мүчө мамлекеттер Орусия буга жооп кайтарат деп кооптонуп турушат.

Камактагы активдердин негизги бөлүгү Белгияда сакталган. Расмий Брюссель мындай кадамга каршы көз карашта.


Өткөн аптада Орусиянын Борбордук банкы Белгиядагы Euroclear каржы компаниясын Москва сотуна берип, саммиттин алдында Белгияга жана анын европалык өнөктөштөрүнө басымды күчөттү.

Венгрия менен Словакия Урсула фон дер Ляйен сунуштаган планга каршы. Бул планга ылайык, Орусия согушту токтотуп, келтирилген зыяндын ордун толтургуча Украинага 90 миллиард евро (105 миллиард доллар) карыз берип туруу керек. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, дээрлик төрт жыл ичинде 600 миллиард евродон (700 миллиард доллардан) ашуун зыян келтирилген.

17:03

Орусиянын 17-декабрда Запорожьеге урган соккусунан бери дегенде 26 киши жабыркады. Бул тууралуу облустун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров маалымдады. Жетекчи өрттүн жана бүлүнгөн имараттын видеосун жарыялады.

Ал билдиргендей, орус аскерлери башкарылган авиабомбалар менен үч сокку урду, Запорожье шаарында турак жай зыян тартты. Андан тышкары инфрастуктура объектисине жана окуу жайына чабуул коюлду.

16-декабрга караган түнү Запорожьенин борборундагы тогуз кабат үйгө сокку урганда төрт киши жарадар болгон, 5-6-кабаттагы төрт батирди өрт чалган.

Ал эми Одесса облусунда энергетикалык системага болгон чабуулдардан улам мамлекеттик деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланды.

Облус башчысы Олег Кипердин айтымында, мындай чечимди техногендик-экологиялык кырсыктар боюнча комиссия кабыл алды.

«Аймактагы 50 миңден көп тургун нормалдуу шарты жок жашап келатканына үч суткадан ашты», - деп белгиледи Кипер.

Шаршембиде эртең менен Украинанын энергетика министринин милдетин аткаруучу Артем Некрасов Одесса облусунда 32 миңдей абонент электр жарыгысыз калганын билдирген.

Анын айтымында, 13-14-декабрда болгон жапырт чабуулдан аймактагы энергетикалык объектилердин бир нечеси зыян тартты. Күн сайын орто эсеп менен алганда негизинен майданга жакын жерлерде 400 миңдей кардар жарыксыз калып жатат.

Расмий Киев жана эл аралык уюмдар жарандык инфраструктурага жана жайкын тургундарга сокку урууну согуш кылмышы катары сыпаттайт. Ал эми орус бийлиги далилдерге карабай, аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет.

17:20 17.12.2025

Украинанын Одесса облусунда 32 миңдей абонент электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу энергетика министринин милдетин аткаруучу Артем Некрасов шаршемби күнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 13-14-декабрда болгон жапырт чабуулдан аймактагы энергетикалык объектилердин бир нечеси зыян тартты. Күн сайын орто эсеп менен алганда негизинен майданга жакын жерлерде 400 миңдей кардар жарыксыз калып жатат.

Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер 16-декабрда подстанциялар жабыркаган Одесса шаарында өзгөчө татаал абал түзүлгөнүн, түйүндү пайдубалынан баштап калыбына келтирүүгө туура келгенин айткан.

The Washington Post гезити булактарына шилтеме менен соккулар Украинанын батыш аймагынан чыгышка энергия жеткирген системаны керектен чыгарышы ыктымал деп жазган. Дал ушул батыштагы облустарда энергиянын көбү өндүрүлөт.

Басылма менен маектешкен адамдын айтымында, Кремл «энергетикалык аралдарды» түзүү стратегиясын ишке ашырууда.

Расмий Киев жана эл аралык уюмдар жарандык инфраструктурага жана жайкын тургундарга сокку урууну согуш кылмышы катары сыпаттайт. Ал эми орус бийлиги далилдерге карабай, аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет.

17:20 17.12.2025

Краснодар крайындагы Славянск-на-Кубани шаарына жасалган учкучсуз учактардын чабуулунан улам мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты.

Аймактын оперативдүү штабынан билдиришкендей, заводдун ичине дрондун сыныктары түшүп, "технологиялык жабдуулар жана 100 чарчы метр аймактагы өткөрүүчү түтүк күйгөн". Өрт өчүрүлгөн.

Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм каналдары мунай заводдогу өрт делген сүрөт жана видеолорду жарыялашты.

Орусиянын Коргоо министрлиги 17-декабрга караган түнү Украина тараптан учурулган 94 дрон алты аймактын жана Азов, Кара деңиздин үстүнөн атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Анын ичинде 31 дрон Краснодар крайынын үстүнөн жок кылынган.

Штабдын маалыматына ылайык, чабуулдан эки адам жабыркады. 13 миңге чукул адам жашаган Славянскиде электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.

Аймак губернаторунун орун басары Александр Руденко суу, электр энергиясы жана жылуулук өчкөнүнө байланыштуу 21 бала бакча жана үч мектеп убактылуу жабылганын маалымдады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Славянскидеги мунай заводуна сокку урулганын ырастады. Бутага алынган аймакта жарылуу жана өрт чыкканын билдирди.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Украина орус армиясын камсыздаган ишканаларды бутага алып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG