Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

"Уулумду согуштан кайтарууга көмөк сурайм"


"Уулумду согуштан кайтарууга көмөк сурайм"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:00 0:00

Орусияда абакта отурган уулун бир апта мурда Украинадагы согушка алып кетишкенин айткан кыргызстандык аял "Азатыкка" кайрылды. Ал 18-декабрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине арыз тапшырып, 19 жаштагы уулун артка кайтырууга жардам сурады. Анын айтымында, уулу Орусияда иштеп жүрүп, "баңгизат" кылмышы менен 11 жылга соттолгон. Ал мындан бир апта мурда Укрианадагы согушка барууга өзү макулдугун берип, машыгуу лагеринде жүргөнүн билдирген экен. Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда да чет мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарга аралашкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Апта башында эле Өзбекстанда Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимге кол койгон жаран төрт жылга кесилгени кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG