Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

"Бизге кас мамиле күчөдү". Орусиядагы мигрантты чочулаткан маанай


Москва. Миграциялык борбор. Архив сүрөт.
Москва. Миграциялык борбор. Архив сүрөт.

мазмуну

  • Орусияда он жаштагы тажик тектүү окуучунун бычакталып өлтүрүлүшү бул өлкөдөгү борборазиялык мигранттарды ого бетер кооптондурган каргаша окуя болуп калды.
  • Соңку жылдарда Орусия коомчулугунда мигранттарга карата тескери көз, ксенофобия караш күчөгөнү айтылууда.

Ал тапта Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарып, чет жакта мигрант болуп жүргөн кыргызстандык жарандардын жалпы саны 800 миңдей киши экенин, соңку кезде Орусияда жашагандар арасынан бул өлкөдөн кетип жаткандар көбөйгөнүн маалымдады.

Маектешибиз Каныкей Москвада иштеп жүргөнүнө 10 жылдан ашык убакыт болгон. Алгач барганда ал гипермаркетте кассир болуп иштечү. Кийинчерээк кыргызстандык кыздарды топтоп, үй тазалаган клининг компаниясын уюштурган.

Орусияда мигранттарга карата мыйзам-талаптардын, мамиленин катаалдашып баратканынан улам эки ай мурун ал үй-бүлөсү менен Бишкекке кайтууга аргасыз болгон экен. Айтымында, күйөөсү эч себепсиз эле Орусияга кире албай калган жана балдарын да ал жакта мектепке албай коюшкан:

"Акыркы бир-эки жыл, согуш (Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган - ред.) күчтөп киргенден бери, 2023-жылдан бери басым аябай күчөдү. Коомдук унаага кирсең кемпирлер, улгайып калган адамдар да жаман көзү менен карашат. Жаштар го, мейли, түшүнбөгөндүктөн дейсиң, бирок чоңдору да кылат. Мен Москванын өзүндө жүргөн үчүн ошондой мамилеге аябай көп кабылдым. Акыркы күндөрү кеч калгандан, жалгыз жүргөндөн коркуп калдым. Күч кызматкерлеринен, участкалык полициядан да "чурка", "үйүңөргө кетпейсиңерби" дегенди уктум. Миграция борборуна барсаң деле ошо".

Жакында Москва облусунун Одинцово районундагы орто мектептин 10 жаштагы окуучусу, Тажикстандын жараны Кобилжон Алиев мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Кылмышка ошол эле окуу жайдын жогорку классынын окуучусу шектелүүдө. Расмий Дүйшөмбү Москвага нота жөнөтүп, окуяны кылдат иликтөөнү талап кылды.

Орусияда соңку кезде мигранттарга каршы маанай күчөп жатканын миграция маселелери боюнча эксперт, юрист Мирлан Токтобеков да айтууда.

Мындай көрүнүш кооптонуу жаратпай койбосун белгилеген юрист мунун бир көрүнүшү катары мектепте бычакталган тажик тектүү баланын окуясын атады. Анын айтымында, азыр Орусиядагы борборазиялык мигранттар каттоо системасындагы кыйынчылыктардан тышкары эми ксенофобия (бөлөктөргө, чет өлкөлүктөргө карата коркуу жана кастык мамиле - ред.) көйгөйүнө туш болуп жатат:

Мирлан Токтобеков
Мирлан Токтобеков

"Ксенофобиялык көз караш Орусияда азыр эки багытта калыптанып жатат деп ойлойм. Биринчиси мамлекеттик органдардын жүргүзгөн саясатынан, экинчиси жөнөкөй элдин мамилесинен байкалууда. Мамлекеттик органдардын ксенофобиясын Борбор Азиядан барган мигранттардын документтерин каттоодон көрүүгө болот. Көчөдө жүргөндө полициянын ксенофобиялык көз карашы байкалат. Ошол эле учурда жөнөкөй элде да өрчүп жатат. Элдин мамилеси эмне себептен ошондой болууда? Мамлекеттик каналдардын пропагандасынан улам. Биз ошондой болгон окуяларды Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине, консулдуктун кызматкерлерине жеткирип турабыз. Алар ошондой фактылар боюнча чыгып, миграциялык мекеменин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп калышты. Бирок бул иш дагы жетишсиз".

18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнү белгиленди. Бул күндү жыл сайын мигрант эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо максатында белгилеп туруу чечими 2000-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында кабыл алынган.

Кыргызстанда быйыл аталган күнгө карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жыйын өтүп, анда чет жактарда иштеп жүргөн мекендештер туш болгон көйгөйлөр талкууланды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Министрликтин маалыматына караганда, ушул тапта өлкөдөн сырт жактарда 800 миңдей кыргызстандык жүрсө, алардын 341 миңи Орусияда, 60 миңи Америка Кошмо Штаттарында, 70 миңи Казакстанда жана 40 миндейи Түркияда жашап, эмгектенүүдө.

Мекеме Орусияда мигранттардын каттоого туруу, жашоо, иштөө эрежелери татаалдашканы ай сайын ал жактагы кыргызстандыктардын саны кыскарып жатканын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, бул күндөрү 91 миң кыргызстандык Орусиянын укук коргоо тартибин органдарынын "кара тизмесинде", 128 миңи көзөмөл реестринде каттоодо турат. Аталган реестрден документин тууралап чыгуу мүмкүнчүлүгү бар, ал эми күч органдарынын "кара тизмесинен" чыгуу абдан татаал процесс.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдиргендей, быйылкы жылдан баштап Орусия Федерациясы көп мыйзамдарды кабыл алды, ошонун негизинде миграциялык шарттар кыйла катуулады:

Бакыт Дарманкул уулу
Бакыт Дарманкул уулу

"Жарандарыбыздын саны азайганы да ушул. Андан сырткары башка себептер да бар. Миграциялык кызмат бар Ички иштер министрлигинин алдында. Алардын жетекчилиги менен жолуктук. Дал ошол көйгөйлөрдү айттык. Андан сырткары Жогорку Кеңештин атайын топтору бар, алар менен эки жолу Мамлекеттик Думасына барып келдик".

Чет жакта иштеген кыргыз жарандарына кайрылып, министрдин орун басары аларды эгер бөтөн жерде кандайдыр бир басымга кабыла турган болсо консулдук кызматтарга кайрылууга чакырды.

Ал жакында орус президенти Владимир Путин Бишкекке келгенде мигранттарга байланыштуу соңку кырдаал талкууланганын, мамлекет башчылары Орусиядагы мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуу шартын кайрадан карап көрүүнү макулдашканын билдирди.

Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жатканын айтып даттанып келишет. Түзүлгөн кырдаалдан улам Кыргызстанда алар жана башкалар да үчүн быйыл “Туңгуч” онлайн мектеби ачылды, анда 900гө жакын бала билим алууда.

Учурда ата-энеси менен тышкы миграцияда, анын ичинде Орусия аймагында жүргөн кыргызстандык балдар канча экени тууралуу так статистика жок. Мектептерде орус тили сынагы киргизилип, андан кийин дагы орун жок деген шылтоо менен балдарды албай койгон учурларды ата-энелер мигранттарга карата жалпы терс маанайдын таасири деп эсептешет.

Дарманкул уулу иштөө мүмкүнчүлүгү, шарттар Кыргызстандын өзүндө деле түзүлүп жатканын кошумчалады. Жумушчу жетишпегендиктен өкмөт чет өлкөлүктөрдү тартууга мажбур экенин белгилеп ал 2020-жылы, мисалы, сырттан жумуш күчүн тартуу үчүн 12 миң квота каралса быйыл 42 миң орун болгонун айтты.

Ал эми Кыргызстандан тыш жакта иштөөнү каалагандар, анын айтымында, жалпы 29 өлкөнүн арасынан тандай алышат. Бул үчүн министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орношутруу борборуна кайрылса болот.

Соңку эки жылдагы маалыматка караганда, кыргызстандык жарандар сезондук иштерге деп көбүнчө Улуу Британияга барып келип жатышат. Үч жыл мурда бул өлкө 2,5 миң орун берген болсо, быйыл квота 10 миң болду.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG